Ачык эсеп
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АЧЫК ЭСЕП – сатып алуучунун атына ачылган дебет эсепке карыз өлчөмүн киргизүү менен, сатуучу өз товарын жөнөтүп жибере турган жана анын дареги боюнча товар тескөөчү документтерин салып жибере турган кредиттик-эсеп мамилелеринин бир таризи. Келишимде каралган мөөнөт аралыгында же товар топтомун жөнөткөндөн кийинки белгилүү бир мөөнөт ичинде сатып алуучу карыздарынан бөлүк-бөлүгү боюнча жоюп турат.